Биз менен байланышыңыз

Бишкекте УКМКнын академиясы ачылды (сүрөт)

Кыска кабар | 17 Окт 2024 | 159 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин генерал-лейтенант Анарбек Бакаев атындагы академиясы ачылды. Президент Садыр Жапаров 17-октябрда академиянын ачылышында сөз сүйлөп, ушул убакытка чейин улуттук коопсуздук органдарына керектүү адистер Орусиядагы окуу жайларда окуп келгенин, эми өлкөдөгү академиядан даярдаларын айтты.

Академия кесипкөй чекисттерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу багытында илимий жана усулдук борбору бар, адистештирилген жогорку окуу жай болот.

Жетекчилик курам үчүн кадрларды укуктук башкаруу жаатында окутат. Ошону менен бирге коопсуздукка байланыштуу маселелерде илимий изилдөөлөр жүргүзүлүп, мыйзамдарга сунуштар иштелип чыгат.

Академия мындан сырткары, чалгындоо, чалгынга каршы жана ыкчам-издөө иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон кесиптик жөндөмдөрдү өркүндөтүү жаатында иш алып барат. Аскердик адистер үчүн кесиптик даярдоо программасы боюнча 5 жылдык мөөнөттө окутуу каралган, ошондой эле ыкчам курам үчүн 1 жылдык мөөнөттөгү кесиптик кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу курстары уюштурулган.

«Бул окуу жайдан жаш адистер мамлекетибиздин конституциялык түзүмүн, суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоого багытталган керектүү кесиптик билимге, чеберчиликке жана жөндөмдөргө ээ болушат», — деди Садыр Жапаров.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин академиясын ачуу боюнча жарлыкка президент быйыл февралда кол койгон.

Copyright © 2017 Maral FM