Биз менен байланышыңыз

Министрлик: Ашууларда жолдор ачык

Кыска кабар | 18 Окт 2024 | 59 | 0

Кыргызстандагы ашууларда жолдор ачык, унаа кыймылына чектөө жок экенин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Бишкек – Ош жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, ошондой эле Тараз –Талас-Суусамыр жолундагы Өтмөк ашуусунда жолдор ачык.

Бишкек – Нарын – Торугарт жолундагы Долон, Кызыл-Бел жана Ат-Башы районундагы Ак-Бейит, Түз-Бел, Торугарт ашууларындагы жолдордо да каттам бар.

Учурда жол тейлөө ишканалары тарабынан жолду тазалоого керектүү техникалар жана инерттик материалдар даярдалып, көзөмөл жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM