Биз менен байланышыңыз

Уюлдук аппараттарды мыйзамсыз каттагандар кармалды

Кыска кабар | 17 Окт 2024 | 107 | 0

Мобилдик телефондорду алып келүү жана каттоонун белгиленген эрежелери одоно бузулган фактылар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.

Идентификациялык жол-жоболорго ылайык, өлкөгө уюлдук телефондорду импорттоодо аппараттардын негизги бөлүгү импортерлор тарабынан катталышы керек.

Бирок бажы-жоболорун кыйгап өтүү, салыктык талаптарды бузуу менен башаламан каттоо схемасы уюштурулуп, кеңири жайыла баштаган. Буга байланыштуу 16-октябрда атайын иш-чаралар өткөрүлүп, жогоруда айтылган мыйзамсыз иштердин негизги төрт уюштуруучусу (А.С.Т., Ю.Ж., У.Р.У.,С.O.С.) кармалды.

Учурда окуяга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча аракеттер көрүлүүдө. УКМК мобилдик аппараттарды мыйзамсыз каттоо кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM