Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан 2 млндон ашык медициналык беткапты экспорттоду

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Июн 2020 | 526 | 0

Өзбекстан Кувейтке 450 миң долларга бааланган 2 миллион 200 миң медициналык беткап экспорттоду. Бул тууралуу «Дунё» маалымат агенттиги жазды.

Мындай соода Өзбекстандын Кувейттеги Өзбекстандын элчилиги жана «Узтекстильпром» ассоциациясынын биргелешкен аракетинин жыйынтыгы болгон. Медициналык каражаттар Эль-Кувейтке атайын жүк ташуучу учак менен жеткирилип берилди.

Жалпы 10 миллион долларга бааланган беткаптарды экспорттоонун биринчи бөлүгү майдын аягында ишке ашкан.

Учурда Өзбектандан Кувейтке калган каражаттарды да алып кетүү пландаштырылууда, анын ичинде медициналык беткаптар, коргоочу кийимдер жана башка коргоочу каражаттар жөнөтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM