Биз менен байланышыңыз

Президент Кувейттин премьер-министри менен жолугушту

Кыска кабар | 2 Ноя 2021 | 353 | 0

Президент Садыр Жапаров Глазго шаарында дүйнө лидерлеринин Саммитинин алкагында Кувейттин премьер-министри шейх Сабах Халид аль-Хамад ас-Сабах менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар эки тараптуу байланыштарды мындан ары бекемдөөнү талкуулашты.

Ошондой эле Кыргызстан менен Кувейттин ортосундагы мамилелерди ьжогорку деңгээлге көтөрүү боюнча маектешти.

Мамлекет башчысы Кувейт менен соода-экономикалык жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну кеңейтүү мүмкүндүгүн белгиледи.

Шейх Сабах Халид аль-Хамад ас-Сабах эки тараптуу мамилелерди кеңейтүүгө кызыгуусун билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM