Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Аксы окуясынын курмандыктарын эскерди

Кыска кабар | 17 Мар 2020 | 458 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтындагы 2002-жылы Аксы жана 2010-жылдагы апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун эстелигине гүл койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Эскерүү иш-чарасы Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында 2002-жылдын 17-мартында болуп өткөн каргашалуу окуялардын жылдыгына арналган.

Өкмөт башчы менен биргеликте гүл коюуга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, вице-премьер-министрлер Эркин Асрандиев, Акрам Мадумаров, Алтынай Өмүрбекова, Өкмөттүк Аппараттын жетекчиси – министр Самат Кылжыев жана Өкмөттүн башка мүчөлөрү катышышты.

Ошондой эле, төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары да Аксы окуясында каза болгондорду эскерип, Ала-Тоо аянтындагы 2002-жылдагы Аксы окуясында жана 2010-жылдагы Апрель окуясында курман болгондорго арналып тургузулган монументке гүл коюшту.

Copyright © 2017 Maral FM