Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Экономикабыз эл аралык рейтингде 1,9 %га жогорулады

Кыска кабар | 12 Апр 2019 | 408 | 0

Кыргызстандын экономикасы эл аралык рейтингде 1,9 %га жогорулады. Мындай маалыматты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалицияга отчёт берип жатып айтты. Бизнести жүргүзүү боюнча индексте Кыргызстан 190 мамлекеттин ичинен 70-орунга чыгып, 7 орунга жогорулаганын да белгиледи.

— Коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча жогоруладык. Бул рейтинг өлкө ишкерлеринин жана экспорттоочуларынын позициясынын негизинде чыгарылат. Анда ишкерлердин коррупцияга кабылуу деңгээли бааланат. Анда Кыргызстан 100 баллдын негизинен 29 упайга ээ болуп, 180 өлкөнүн ичинен 132-орунду ээлеп, 3 орунга жогорулады. Бул рейтинг боюнча Орусия 138-орунда, Тажикстан 152, Өзбекстан 158-орунда турат.

Кошумчалай кетсек, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн өткөн жылдагы иши боюнча Жогорку Кеңештин коалициясына отчёт берүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM