Биз менен байланышыңыз

Интернаттык типтеги балдар мекемелер тутуму реформаланат

Кыска кабар | 11 Апр 2019 | 467 | 0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Интернаттык типтеги балдар мекемелерин реформалоо боюнча иш-аракеттердин долбоорун иштеп чыгуучу ведомстволор аралык жумушчу топтун кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө 2019-2021-жылдарга Интернаттык типтеги балдар мекемелерин реформалоо боюнча биринчи кезектеги иш-чаралардын планы жана долбоору тартууланды.

Документте социалдык тейлөөлөрдү өнүктүрүүнү караган ченемдик-укуктук базаларды өркүндөтүү, интернаттык типтеги балдар мекемелерин оптимизациялоо, баланын үй-бүлө чөйрөсүнө карата укугун камсыздоо, социалдык тейлөөлөрдү түзүү жана өнүктүрүү, майып балдардын инклюзивдик билим алуусун камсыздоо сыяктуу маанилүү милдеттерди ырааты менен аткаруу мерчемделген.

Жыйын соңунда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине келип түшкөн сын-пикирлерди эске алуу менен, кыска мөөнөттө Өкмөтүн Аппаратына интернаттык типтеги балдар мекемелерин реформалоо боюнча Өкмөтүн токтом долбоорун киргизүү тапшырмасы берилди.

Copyright © 2017 Maral FM