Биз менен байланышыңыз

Кытайда поезд аварияга учурап, 6 киши дайынсыз болууда

Дүйнө , Кыска кабар | 11 Апр 2019 | 471 | 0

Кытайда жүк ташыган поезд кырсыкка учурап, алты киши дайынсыз болууда. Бул тууралуу Sina маалымат порталы жазып чыкты.

Окуя Кытайдын борбордук аймагындагы Хэнань провинциясынын Гунъи шаарында кечээ кечинде катталган. Анда Aluminum Corporation of China (Chalco) компаниясына тиешелүү жүк ташыган поезд жолдон чыгып кетип, турак жайга урунган.

Жергиликтүү бийлик куткаруу иштерин жүргүзүү жана кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам топ түзүп, иш жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM