Биз менен байланышыңыз

Далай-лама Нью-Делиде ооруканага жеткирилди

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Апр 2019 | 488 | 0

83-жаштагы тибеттик руханий лидердин учурда абалы туруктуу экендигин анын басма сөз катчысынын маалыматына таянып, Deutsche Welle агенттиги билдирди.

Далай-лама 9-апрелден бери Нью-Делидеги клиникалардын биринен медициналык текшерүүдөн өтүүдө. Руханий лидеринин көкүрөгү бир аз ооруп жана жөтөлүп жатканын, ошондой эле бир канча күндөн кийин клиникадан чыга турганын басма сөз катчысы билдирген.

Далай-лама будда дининдегилердин  руханий лидери болуп саналат. Ал 1959-жылдан бери Индияда куугунтукта жүрөт. 1989-жылы дүйнөлүк Нобель сыйлыгын алган. Ошондой эле 200дөн ашык дүйнөлүк академиялардын жана университеттердин ардактуу профессору наамдарына жана бир катар сыйлыктарына ээ болгон.

Мындан сырткары, Далай-лама көп жылдан бери Тибеттин көз карандысыздыгы үчүн күрөшүп келет.

Copyright © 2017 Maral FM