Биз менен байланышыңыз

Камбоджа Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар

Кыска кабар | 10 Апр 2019 | 488 | 0

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов Камбоджа Королдугунун Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси К.Виксетх менен жолугушту.

Бул тууралуу элчиликтен кабарлашты.

Жолугушуу 9-апрелде Камбоджа өлкөсүнүн демилгеси менен уюштурулган.

Жолугушууда Камбоджа тарап Кыргызстан менен өз ара кызыкчылыкты туудурган бардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирген.

Ошондой эле тараптар эл аралык уюмдар алкагында саясий диалог түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашкан.

Copyright © 2017 Maral FM