Биз менен байланышыңыз

Орусиядан кыргызстандыктын сөөгүн алып келүү боюнча элчилик билдирүү жасады

Кыска кабар | 5 Янв 2020 | 740 | 0

Москва шаарында каза болгон 25 жаштагы кыргызстандык жаран боюнча КР Орусиядагы элчилиги билдирүү жасады. Буга чейин Б.А.нын сөөгүн Кыргызстанга алып кетүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатканы тууралуу сөздөр тараган.

Маалыматка ылайык, аталган иш элчиликтин көзөмөлүндө. Каза болгон кыргызстандыктын сөөгү мекенине тергөөчүнүн уруксатынан кийин алынып келинет.

Учурда аталган иш боюнча тергөөгө чейинки иштер жүрүп жатат. Уруксат документтерин алуу тергөө иштеринин жүрүшүнөн жана эс алуу күндөрүнөн көз каранды.

Эске салсак, 25 жаштагы Б.А. 31-декабрда бычак жеп каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM