Биз менен байланышыңыз

Эми Орусияда паспортун жоготкондорго мекенине кайтуу күбөлүгү берилет

Кыска кабар | 24 Фев 2020 | 1393 | 0

Жалпы жарандык паспортун жоготуп алган учурда же паспорттун мөөнөтү өтүп кеткен убакта Кыргызстандын жарандары убактылуу жолго жүрүүгө уруксат берүүчү документ – Кыргызстанга кайтуу күбөлүгүн алуу үчүн Кыргызстандын элчилигине кайрылса болот. Мекенине кайтуу күбөлүгү Кыргызстанга кайтууга керектүү мөөнөткө гана берилет. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирди.

Кыргызстандын аймагына келгенден кийин жаран он беш күндүн ичинде жаңы паспорт алуу жана аталган күбөлүктү кайтаруу үчүн калкты тейлөө боюнча Кыргызстандын ыйгарымдуу мамлекеттик органына кайрылуусу керек.

Күбөлүктү алуу үчүн төмөндөгү документтерди тапшырат жана толтуруу сунушталат:

  • Жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугу тууралуу арыз.
  • Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү, эгерде бар болсо.
  • Келген мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан берилген паспорттун жоголгондугун тастыктаган документ (протокол, маалым кат ж.б.),
  • 3×4 см көлөмүндөгү үч түстүү жалтырак эмес фото сүрөт.

Мекенине кайтуу Күбөлүгүн алуу үчүн төлөнүүчү консулдук төлөмү 20 доллар. Орусиянын Борбордук банкынын курсу боюнча рубль менен элчиликтин банктык терминалында төлөнөт.

Баланын Кыргызстандын жарандыгы экендигин ырастоочу туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө кошумча маалым каттын таризделиши:

  • Баланын ата-энесинин паспортторунун түп нускалары жана көчүрмөсү.
  • Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү +көчүрмөсү.
  • 3×4 см көлөмүндөгү үч түстүү фотосүрөт.
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүккө кошумча тиркеме документе (вкладыш), эгерде балага мурун алынган болсо.

Баланын ата-энесинин биринин жарандыгы башка болуп, биринин жарандыгы Кыргызстанга тиешелүү болсо, баланын кайсы жерде туулгандыгына карабастан, Кыргызстандын жарандыгын тандоосу үчүн ата-энесинин жазуу түрүндөгү расмий макулдугу керек.

Консулдук төлөмү 10 доллар. Орусиянын Борбордук банкынын курсу боюнча рубль менен элчиликтин банктык терминалында төлөнөт.

Copyright © 2017 Maral FM