Биз менен байланышыңыз

Орусиядагы мигранттардын абалын жакшыртуучу кошумча шарттар каралды

Кыска кабар | 15 Июн 2019 | 624 | 0

Москвада Орусияда иштеген кыргыз мигранттарынын абалын жакшыртуучу боюнча кошумча шарттар талкууланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

Мындай маселе кечээ Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов менен Орусия Парламентинин КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш боюнча комитетинин төрагасы Леонид Калашниковдун жолугушуусунда айтылган.

Жолугушууда ушул жылдын 21-июнунда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында боло турган Кыргыз Парламентинин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети менен Орусия Думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш боюнча комитетинин кезектеги биргелешкен жыйынын өткөрүү маселелерине басым жасалды. Ошондой эле, эки өлкө президенттеринин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча келишимдерди ишке ашыруу жагдайлары айтылды. Мындан сырткары, Кыргызстандын Орусиядагы жана Орусиянын Кыргызстандагы жылын өткөрүүгө арналган биргелешкен болжолдуу иш-чаралар, РФнын жогорку окуу жайларында кыргызстандыктардын билим алуусу үчүн квотаны көбөйтүү боюнча демилгени мыйзамдык жактан колдоо талкууга алынды.

Жолугушууда Орусиядагы эмгек мигранттарынын абалын жакшыртуу үчүн кошумча шарттарды түзүү маселелери да талкууланды.

Copyright © 2017 Maral FM