Биз менен байланышыңыз

Орусияда элчиликтин кызматкери Болотбек Мукашев каза болду

Кыска кабар | 13 Мар 2020 | 426 | 0

Бүгүн, 13-мартта Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин кеңешчи-кичи элчиси Болотбек Мукашев каза болду. Ал узакка созулган оорудан улам жарык дүйнө менен кош айтышканын өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Болотбек Мукашев 1965-жылы туулган. Билими жогорку. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин системасында 2001-жылдан бери эмгектенип келген.

2017-жылдын май айынан баштап азыркы убакытка чейин – Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Кеңешчи – Кичи Элчиси кызматын аркалаган.

Copyright © 2017 Maral FM