Биз менен байланышыңыз

Орусияда дагы бир кыргызстандык токмоктолуп каза болду

Кыска кабар | 4 мая 2019 | 942 | 0

Орусиянын Санкт-Петербург шаарынын Москва районунда кыргызстандык жаран күч колдонуудан каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

3-майга караган түнү Санкт-Петербург шаарынын Яковлев көчөсүндөгү үйдө каза болгон кыргызстандыктын жасаты табылгандыгы боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине оозеки маалымат берилген.

Каза болгон адам 1989-жылы туулган С. Б. К. аттуу Кыргызстандын жараны экени аныкталды. Маркумдун денесинде уруп-согуудан калган тактар бар экени байкалган.

Кошуналардын айтымында, батирде чыр чыгып, С. Б. К. катуу токмоктолгон. Окуя болгон жерге келген тез жардамдын дарыгерлери анын каза болгонун айтышкан.

Кыргызстандыктын өлүмү боюнча жергиликтүү милиция териштирүү иштерин баштады. Анын жүрүшүндө эки шектүү кармалган.

Элчиликтин кеңсесинен да милицияга расмий билдирүү жөнөтүлгөн. Элчилик окуяны өз көзөмөлүнө алды.

Copyright © 2017 Maral FM