Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Орусиядан 45 кыргызстандык дарыгер учуп келет

Кыска кабар | 12 Июл 2020 | 411 | 0

Бүгүн, 12-июлда Орусияда иштеп жүргөн 45 кыргызстандык дарыгер Бишкекке учуп келет. Бул тууралуу КРнын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ыктыярдуу түрдө мекендеги кесиптештерине жардам берүүнү каалагандардын арасында Орусиянын медициналык мекемелеринде иштеген 25 дарыгер жана 20 медайым бар: реаниматологдор, кардиологдор, эпидемиологдор, терапевттер жана медайымдар.

— Элчи Аликбек Жекшенкулов Кыргызстанга аттанып жаткан биздин медиктер менен 10-июлда жолукту. Алардын көпчүлүгү COVID-19 менен ооругандарды дарылоо тажрыйбасына ээ. Дарыгерлер медициналык кадрлардын жетишпестиги бар ооруканаларга дайындалат. Ыктыярдуу дарыгерлер Кыргызстандагы бейтаптарга өтө зарыл болгон дары-дармектерди алып кетишет. Дарыгерлер үчүн авиабилеттер демөөрчүлөр тарабынан сатылып алынды, — деп билдиришти элчиликтен.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 5-июлунда 26 адистер турган кыргызстандык медиктер өз ыктыярлары менен Бишкекке учуп келип, кесиптештерине жардам көрсөтүү үчүн Улуттук госпиталга жөнөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM