Биз менен байланышыңыз

Дарыгерлердин маянасына кошумча төлөмдүн өлчөмү 30%га көтөрүлдү

Кыска кабар | 7 Июл 2020 | 527 | 0

Бүгүнкү күндө өпкөнүн сезгениши менен жабыркаган бейтаптар үчүн Бишкек шаарында кошумча 2 миң 062 керебет даярдалган. Анын ичинде 69 интенсивдүү терапия керебети бар. «Манас» аэропортундагы «Семетей» обсерваторунда 112 оорулууга эсептелинген борбордук суюк кычкылтек жеткирүү системасы орнотулууда. №1-Интернат 150 керебетке ылайык бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн ачылды. Бул тууралуу брифинг учурунда премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Ошондой эле ал саламаттык сактоо мекемелериндеги медкыматкерлердин жана кызматкерлердин маянасына кошумча төлөмдүн өлчөмү 25-30%га көтөрүлгөндүгүн билдирди.

Өкмөт «Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө» Мыйзамды ишке ашыруунун үстүндө иштерди баштады. Тактап айтканда 1-июлдан медицина кызматкерлерине буга чейин төлөнүп келе жаткан айлык маяналарына кошумча төлөмдүн өлчөмү категорияга жараша орточо 25 — 30% көбөйтүлөт.

Эгерде буга чейин инфекциялык бөлүмдөрдө, реанимацияда, вируслогиялык лабораторияда, обсерваторлордо жана мобилдик топтордо иштеп жаткан дарыгерге 1 күнгө 2300 сом төлөнсө, азыр 3000 сом төлөп берүү сунушталып жатат.

Мындан тышкары, 14 күндүк изоляцияны 7 күнгө кыскартуу сунушу киргизилип жатат. Бирок изоляцияда болгон күндөрүнө мурунку эле бекитилген тартиптей күнүнө 900 сомдон төлөнөт. Ошондо дарыгер орточо 29 күнгө жалпысынан 72 миң сом кошумча төлөм алат, буга чейин бул сумма 47 миң сомду түзгөн.

Ушул сыяктуу эле жогорулатуу санитардык-карантиндик пункттарда, блокпосттордо, тез жардам кызматында иштеген врачтарга, орто медициналык кызматкерлерге жана техникалык, кенже тейлөөчү персоналдардын да кошумча төлөмдөрү жогорулайт.

Copyright © 2017 Maral FM