Биз менен байланышыңыз

“Шереметьево” аэропортуна кармалып турган кыргызстандыктар чек ара пунктунан өтүштү

Кыска кабар | 8 Окт 2021 | 464 | 0

Кыргызстандан «Шереметьево» эл аралык аэропортуна 6-октябрда учуп келген кыргызстандыктар көзөмөл-өткөрүү пунктунан өтүштү. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-октябрда Кыргызстандан «Шереметьево» эл аралык аэропортуна эртең менен үч рейс болгон, акыркысы саат 09:42те конгон, Орусияга кирүүгө тыюу салынган бир жүргүнчүнү кошпогондо ал жүргүнчүлөрдүн бары мамлекеттик чек араны кесип өтүшкөн.

Белгиленгендей, чет өлкөлүк жарандардын Орусияга келүүсүнө карата күчөтүлгөн текшерүү чаралары башка чет мамлекеттердин жана Кыргызстандын коңшу өлкөлөрүнүн жарандарына дагы жүргүзүлүп жатат.

Элчиликтин кызматкерлери Орусиянын чек арачылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, Каргызстандын жарандары менен дагы жолукту.

«Шереметьево» аэропортундагы кыргызстандыктар боюнча элчилик үн катты

Copyright © 2017 Maral FM