Биз менен байланышыңыз

Баткенде эмдөөдөн кийин ооруканага жаткырылган окуучулардын абалы жакшырууда

Кыска кабар | 10 Апр 2019 | 587 | 0

Кечээ Баткен шаарында эмдөөдөн кийин ден соолугу начарлап, ооруканага жаткырылган Мурзакаримова Бегимай катардагы палатага которулду. Абалы орто деп айтылууда.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев Парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, дагы 5 окуучу оорукананын балдар бөлүмүндө жатат. Алардын абалы жакшы.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары министрликтин алдындагы Иммундук профилактика боюнча республикалык борбордун жетекчиси Гүлбара Ишенапысова башында турган комиссия Баткенге учуп кеткенин кошумчалады.

Эске сала кетсек, кечээ, 9-апрелде Баткен шаарындагы №3 орто мектебинин окуучуларын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун адистери кезектеги эмдөөдөн өткөргөн. Ошондон көп өтпөй, 15 окуучунун башы айланып, облустук ооруканага жеткирилген. Төрт окуучу оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, калган 11 окуучу дарыгерлердин текшерүүсүнөн өткөрүлүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM