Биз менен байланышыңыз

Бабанов: Текебаевге да, Жапаровго да саясий иш козголгон

Кыска кабар | 9 Апр 2019 | 494 | 0

Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш иши – 100% саясий иш. Мындай бааны саясатчы Өмүрбек Бабанов НТС телеканалына берген маегинде билдирди. Саясатчы бул иш бүгүн жабылып, Текебаевге депутаттык мандат кайтарылып берилиши керек деп эсептейт.

— Садыр Жапаровдун иши боюнча айтсам, Эмилбек Каптагаев ага эч кандай доом жок деп айтып жатат. Күнөөлүү эмес экенин айтса да, ага карабай, Садыр Жапаровду камап коюшту. Бул да — саясий иш. Жапаров Атамбаев тууралуу бир китеп жазып коюп, ошонун айынан камакта отурат.

Кошумчалай кетсек, 23-апрелде  «Ата Мекен» жана «Мекенчил» партияларынын лидерлери Өмүрбек Текебаев жана Садыр Жапаровдун соттук отурумдары өтөт. Ошол эле күнү аты аталган партиялардын өкүлдөрү да тынчтык митингине чыгууну пландашууда.

Copyright © 2017 Maral FM