Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш иши – 100% саясий иш. Мындай бааны саясатчы Өмүрбек Бабанов НТС телеканалына берген маегинде билдирди. Саясатчы бул иш бүгүн жабылып, Текебаевге депутаттык мандат кайтарылып берилиши керек деп эсептейт.
— Садыр Жапаровдун иши боюнча айтсам, Эмилбек Каптагаев ага эч кандай доом жок деп айтып жатат. Күнөөлүү эмес экенин айтса да, ага карабай, Садыр Жапаровду камап коюшту. Бул да — саясий иш. Жапаров Атамбаев тууралуу бир китеп жазып коюп, ошонун айынан камакта отурат.
Кошумчалай кетсек, 23-апрелде «Ата Мекен» жана «Мекенчил» партияларынын лидерлери Өмүрбек Текебаев жана Садыр Жапаровдун соттук отурумдары өтөт. Ошол эле күнү аты аталган партиялардын өкүлдөрү да тынчтык митингине чыгууну пландашууда.