Биз менен байланышыңыз

Өмүрбекова: Оштогу Эл аралык салтанатка даярдыктар менен таанышты

Кыска кабар | 9 Апр 2019 | 386 | 0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Ош шаарынын «Түрк тилдүү мамлекеттердин маданий борбору» катары жарыялануусунун алкагында өтүүчү иш-чараларга көрүлгөн даярдыктар менен таанышып чыкты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

«Ош — Түрк элдеринин маданий борбору» эл аралык салтанаты 19-апрелден башталат.
Негизги бөлүгү 20-апрелде болот.

20-апрелде майрамдык сүмөлөк, мэрдин расмий конокторду кабыл алуусу, «Түрк дүйнөсүнүн этно маданият» фестивалы, «Элдик каада-салттар», «Этно музыка», «Этно мода» иш-чаралары болот. Ошондой эле, ОшМУнун башкы корпусунда илимий-практикалык конференция өтөт.

«Алымбек датка» этнографиялык борборунда «Түрк элдеринин маданияты — Сулайман-Тоодо» аталышындагы эл аралык маданий иш-чарасынан кийин Түрк элдеринин «Сулайман-Тоо ынтымак жүрүшү» болот. Жүрүш расмий коноктордун жана шаар тургундарынын катышуусунда «Алымбек датка» этнографиялык борборунан Акматбек Сүйүмбаев стадионуна чейин уланат.

Кечинде борбордук А. Сүйүмбаев стадионунда «Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык салтанаттын расмий ачылыш аземи КР Президентинин катышуусу менен өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM