Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Өмүрбек Бабанов НТС телеканалына маек берет

Кыска кабар | 9 Апр 2019 | 792 | 0

Учурда өлкөдөн сыртта жүргөн экс-депутат Өмүрбек Бабанов НТС каналына кенен маек берди. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбуктагы баракачына жазды.

Ал кыргызстандыктарга кайрылып, дээрлик бир жарым жылдан бери маалымат каражаттарына маек бере элек экенин, бир аз көнүкпөй атканын билдирген.

Саясатчы аталган НТС телеканалынын жетекчиси Миржан Балыбаев жана анын кызматкерлер тобу, жарандык активист Мирсулжан Намазалы менен жолугушканын айтып, алардын туруктуу колдоо көрсөтүп келгендерине ыраазычылык билдирген.

Бабанов телеге берген маеги бүгүн саат 19:40та эфирден чыгарын айтып, аны көрүүгө чакырган.

Copyright © 2017 Maral FM