Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда салык карызын өндүрүү күчөтүлөт

Кыска кабар | 9 Апр 2019 | 456 | 0

Мамлекеттик салык кызматы салык карызын өндүрүү жана кыскартуу, өнбөгөн карыздарды эсептеп чыгаруу боюнча иштерди күчөтүү максатында 2019-жылдын апрель айында «Салык карызын кыскартабыз!» аттуу бир айлык акция жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы бүгүн кабарлады.

Акциянын чегинде аймактык салык органдары бир катар иштиктүү чараларды көрүү менен салык карызын өндүрүүгө, аны кыскартууга өзүнүн болгон күч-аракеттерин жумшашат.

Маселен, мурда жүргүзүлгөн инвентаризациялоонун жыйынтыгында аныкталган субъекттерден салык карызын мажбурлап өндүрүү чаралары кабыл алынат. Көчмө жана камералык текшерүү актысы кошулуп эсептелген суммалар боюнча, ошондой эле, укук коргоо органдары тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча салык карызын өндүрүү иштери күчөтүлөт.

Мындан тышкары, карыздарды мажбурлап өндүрүүгө материалдар сотко өткөрүлүп берилет, салык төлөөчүнүн мүлктөрүнө каттоо жүргүзүлөт, алып-сатуу эсебине салыктык төлөм талаптары коюлат, банктагы эсеби жабылат, ал эми карыз болгон субъекттердин жетекчилери жана башкы бухгалтерлери административдик айыптарга, тиешелүү жазаларга тартылат.

Ошол эле учурда салыкчылар тарабынан жер-жерлерде салыктарды жана эсептелген төлөмдөрдү өз убагында жана толугу менен төлөө зарылдыгы тууралуу тиешелүү тараптарга  түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM