Биз менен байланышыңыз

Аялдар маршынын катышуучуларын милиция эмнеге кармап кеткени айтылды

Кыска кабар | 8 Мар 2020 | 624 | 0

“Аялдардын тилектештик маршы” акциясында кармалгандар бошотулду. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алтымышка жакын жаран кармалган. Айрымдарына административдик протоколдор толтурулган. Акциячылар уруксат берилбеген жерде митинг өткөрүшкөнү үчүн кармалганын милициядан кошумчалайт. Эгерде кармалгандардын айыбы далилденсе, аларга үч миң сомдон айып салынышы мүмкүн.

Бүгүн Бишкекте “Аялдардын шериктештик маршы” акциясын өткөрүү пландалган. Иш-чара баштала электе эле белгисиз бирөөлөр келип, уюштуруучуларды кубалашып, ортодо чыр чыккан. Андан соң милиция чатакташкандарды кармаган. Жөө жүрүштү активисттерден турган демилгелүү топ уюштурган.

Иш-чарада көптөгөн чет өлкөлүк жарандар бар экени аныкталды.

Copyright © 2017 Maral FM