Биз менен байланышыңыз

«Марал» радиосу алыскы аймактагы ФАПтарга акысыз дары-дармек жеткирүүдө (видео)

Коом , Кыска кабар | 4 Авг 2020 | 1373 | 0

«Марал» радиосу өлкөдөгү пандемия менен күрөшүү максатында жарыялаган акциянын алкагында, алыскы аймактарга дары-дармектерди жеткирүүдө. Анын ичинде Баткен районуна караштуу бийик тоолуу шарттагы Сай айылындагы ФАПка да азыркы учурда таңкыс болгон «Клексан» дарысын тапшырды.

Жардамдын жалпы суммасы 18 000 сом. Сай айылындагы ФАПтын жетекчиси Ирсалат Койчубаеванын айтымында, дары-дармектер муктаж оорулууларга акысыз таратылат.

Ал эми Сай айылынын айыл башчысынын айтымында аталган айыл Өзбекстандын Сох анклавы менен чектеш жайгашкан. Район борборуна баруу үчүн анклав аркылуу өтүү зарыл. Учурда чек аралар жабык болгондуктан, район борборуна баруу үчүн айланма жол аркылуу 250 км жол жүрүүгө туура келет.

Кошумчалай кетсек, «Марал» радиосу пандемия учурунда дарыгерлерге көмөк көрсөтүү максатында, «Дарыгерлерди бирге колдойлу» кайрымдуулук акциясын жарыялаган. Анын алкагында, бүгүн 4-августка карата банктык эсепке түшкөн каражаттын суммасы  108 миң 127 сомду түздү.

Радионун жамааты буга чейин да бир канча аймактарга дары-дармек жиберген. Алсак, жакында эле дарыгерлер үчүн атайын резина өтүк алынып, тапшырылды.

Ал эми калган акча каражаттары мындан ары аймактагы дарыгерлердин муктаждыктарын жоюу үчүн жумшалат. Ошондой эле бул жамааты акцияга колдоо көрсөткөн бардык угармандарга жана өнөктөштөргө ыраазычылык билдирет.

Эскерте кетүүчү жагдай, «Марал» радиосунун «Дарыгерлерди бирге колдойлу» кайрымдуулук акциясына каражат чогултуу азыр деле уланууда. Сиз да колдон келген жардамыңызды берип, элибиздин кыйын кырдаалдан чыгышына салым кошуңуз:

Реквизиттер:
-Оптима Банк:
Карта: 4169 5853 4395 9937
Банктык эсеп (сом): 1091822000180171
Доллар: 1858402099950001
Рубль: 1856432099950001
-ЭЛСОМ 0558942929
СБЕРБАНК карта: 4276380187819169
Сурап билүү телефондору:
0755 772 240 Жамиля Кубатова
0700 144 110 Ринат Макишев.

Copyright © 2017 Maral FM