Биз менен байланышыңыз

«Марал» радиосу кайрымдуулук акциясынан түшкөн каражатка дарыгерлерге бут кийим алып берди

Акциялар , Кыска кабар | 23 Июл 2020 | 29839 | 0

«Марал» радиосу пандемия учурунда дарыгерлерге көмөк көрсөтүү максатында, «Дарыгерлерди бирге колдойлу» кайрымдуулук акциясын жарыялаган. Анын алкагында, бүгүн 23-июлга карата банктык эсепке түшкөн каражаттын суммасы  100 миң 929 сомду түздү.

Чогулган каражаттын 28 000 сомуна КММАнын алдында ачылган госпиталдын дарыгерлери үчүн атайын резина бут кийимдер алынды. Тийиштүү каражаттарды бүгүн «Марал» радиосунун башкы директору Акынбек Эргешов дарыгерлерге тапшырды.

Ал эми калган акча каражаттары мындан ары аймактагы дарыгерлердин муктаждыктарын жоюу үчүн жумшалат. Ошондой эле «Марал» радиосунун жамааты акцияга колдоо көрсөткөн бардык угармандарга жана өнөктөштөргө ыраазычылык билдирет.

Эскерте кетүүчү жагдай, «Марал» радиосунун «Дарыгерлерди бирге колдойлу» кайрымдуулук акциясына каражат чогултуу азыр деле уланууда. Сиз да колдон келген жардамыңызды берип, элибиздин кыйын кырдаалдан чыгышына салым кошуңуз:

Реквизиттер:
-Оптима Банк:
Карта: 4169 5853 4395 9937
Банктык эсеп (сом): 1091822000180171
Доллар: 1858402099950001
Рубль: 1856432099950001
-ЭЛСОМ 0558942929
СБЕРБАНК карта: 4276380187819169
Сурап билүү телефондору:
0755 772 240 Жамиля Кубатова
0700 144 110 Ринат Макишев.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM