«Марал» радиосу пандемия учурунда дарыгерлерге көмөк көрсөтүү максатында, «Дарыгерлерди бирге колдойлу» кайрымдуулук акциясын жарыялаган. Анын алкагында, бүгүн 23-июлга карата банктык эсепке түшкөн каражаттын суммасы 100 миң 929 сомду түздү.
Чогулган каражаттын 28 000 сомуна КММАнын алдында ачылган госпиталдын дарыгерлери үчүн атайын резина бут кийимдер алынды. Тийиштүү каражаттарды бүгүн «Марал» радиосунун башкы директору Акынбек Эргешов дарыгерлерге тапшырды.
Ал эми калган акча каражаттары мындан ары аймактагы дарыгерлердин муктаждыктарын жоюу үчүн жумшалат. Ошондой эле «Марал» радиосунун жамааты акцияга колдоо көрсөткөн бардык угармандарга жана өнөктөштөргө ыраазычылык билдирет.
Эскерте кетүүчү жагдай, «Марал» радиосунун «Дарыгерлерди бирге колдойлу» кайрымдуулук акциясына каражат чогултуу азыр деле уланууда. Сиз да колдон келген жардамыңызды берип, элибиздин кыйын кырдаалдан чыгышына салым кошуңуз: