Биз менен байланышыңыз

«Аялдардын шериктештик маршы» акциясына чыккандарды милиция кармады

Кыска кабар | 8 Мар 2020 | 921 | 0

Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» акциясына чыккандарды жана алар менен чырдашкан калпакчандарды милиция кармап кетти. Учурда алар Бишкектин Свердлов райондук милициясына алып келинди. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

«Эки тараптан тең бирдей кишилер кармалды. Биз, укук коргоо органдары, дайыма өзүбүздүн милдетибизди аткарышыбыз керек. Бул жерде да жумушубузду кылдык», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Бүгүн, 8-мартта саат 12:00дө Бишкектин Жеңиш аянтында «Аялдардын тилектештик маршы» өтмөк. Бирок башталбай жатып, жөө жүрүштүн катышуучуларына 20дай калпакчан жаран басып келип, ортодо ызы-чуу чыккан.

Жөө жүрүштү активисттерден турган демилгелүү топ уюштуруп жатканы тууралуу  маалыматты буга чейин «Азаттык» медиасы жазып чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM