Биз менен байланышыңыз

Беларусиядагы жекшембидеги нааразычылык акциясында кеминде 240 адам кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Окт 2020 | 638 | 0

Беларусияда 4-октябрда өткөн нааразычылык акциясында 240тан ашуун адам кармалганын «Весна» укук коргоо борбору билдирди.

Кармалгандардын көпчүлүгү Минск шаарынан болгон. Мындан тышкары, укук коргоочулар Брест, Гродно, Витебск, Могилев, Бобруйск, Солигорск шаарларында да кармалгандар болгон.

Буга чейин «Весна» Беларусиянын шаарларында 10дон ашуун журналист жана ар кандай басылмалардын фотокабарчылары кармалгандыгын билдирген. Ошол эле учурда Беларусиянын Журналисттер ассоциациясы полиция массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин көпчүлүгүн бошотконун кабарлады.

Беларусияда нааразычылык акциялары дээрлик эки айдан бери уланып келатат, алар президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин дароо башташкан. Расмий маалыматтарга ылайык, Александр Лукашенко алтынчы жолу жеңишке жетишкен.

«Весна» укук коргоо борборунун маалыматы боюнча, өлкөдө саясий туткундардын саны 25 эсеге өсүп, айып пулдар 240 миң долларга жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM