Биз менен байланышыңыз

Маалыматты манипуляциялоо мыйзамына каршы тынчтык акциясы өтүп жатат

Кыска кабар | 29 Июн 2020 | 927 | 0

Бүгүн, 29-июнда саат 12.00гө жакын Бишкекте «#Reакция 3.0» деп аталган нааразычылык акциясы башталды. Катышуучулар Эркиндик бульварынын башталышында Бишкек темир жол бекетинин жанында чогулушту.

Уюштуруучулардын айтымында, митинг “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбооруна каршы уюштурулуп жатат. Жүрүш «Эркиндик» сейил багынан башталып, Ак үйдүн жанында жыйынтыкталат.

Катышуучулар сөз эркиндигине каршы келген “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбооруна каршы #фейкмыйзамга каршыбыз!» деп чыгышууда.

Аталган мыйзам долбоору 2020-жылдын 17- июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда кабыл алынган. Ошондой эле, 19-июнда парламенттик угуулар өткөрүлүп, айрым сунуштар эске алынган. 25-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлгөн. Ошол эле күнү Бишкекте Ак үйдүн алдына интернетти көзөмөлдөөгө каршы чыккан жарандар, активисттер митингге чыгышкан.

Copyright © 2017 Maral FM