Биз менен байланышыңыз

Беларусиядагы жекшембидеги нааразычылык акциясында 150дөн ашык адам кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Окт 2020 | 449 | 0

Беларусияда 71 күндөн бери уланып токтобой жаткан Лукашенконун режимине каршы нааразычылык акциясы кечээ, 18-октябрда Минскте жана Беларусиянын башка шаарларында «Партизандардын маршы» деген аталышта уланды.

Акциянын катышуучуларын кармап кетүү митингдин алгачкы мүнөттөрүндө эле башталды. Минск убактысы боюнча саат 21: 00дө 150дөн ашуун адам кармалганын «Весна» укук коргоо борбору жазды. Ошондой эле «Рынок» басылмасынын журналисти Артем Майоров, «Белсаттын» кабарчысы Алес Любенчук Минск шаарында, «Весна» борборунун укук коргоочусу Елена Маслюкова Светлогорск шаарында кармалганы белгилүү болду. Алардын катарында бир топ журналист бар экенин Беларусиянын Журналисттер Ассоциациясы билдирди.

Беларусиянын Ички иштер министрлигинин коопсуздук кызматы аларга карата таш ыргытылганын айтып, асманга резина окторду аткан.

17-октябрда Беларусиянын шаарларында аялдардын жүрүштөрү жана студенттердин нааразычылык акциялары өткөн. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ал жерде «массалык иш-чаралар жөнүндө мыйзамдарды бузган» деген айып менен 58 адам кармалган.

Беларусияда нааразычылык акциялары 9-августтагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин дароо башталган. Акциянын катышуучулары Александр Лукашенконун отставкасын талап кылып, жаңы шайлоо өткөрүү керектигин айтып келишет. Шайлоонун жыйынтыгын Беларусия коому, Евробиримдик жана Америка Кошмо Штаттары да тааныган эмес. Расмий маалыматтарга ылайык, Александр Лукашенко алтынчы жолу жеңишке жетишкен.

Copyright © 2017 Maral FM