Биз менен байланышыңыз

Владимир Путин Орусияга кирген мыйзамсыз товарларды көзөмөлгө алууну буйруду

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Апр 2019 | 515 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кызматына базарларга кирип жаткан товарлардын мыйзамсыз жүгүртүүлөрүн, ошондой эле Кыргызстандан кирген мыйзамсыз товарларды көзөмөлгө алуунунун жолдорун иштеп чыгууга буйрук берди. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттиги билдирди.

Тиешелүү буйрук Орусиянын Борбордук банкынын төрайымы Эльвира Набиуллиндин катынан кийин берилген. Катта мыйзамсыз импортту каржылоо жана ошондой эле Орусиянын чоң базарлары аркылуу чет өлкөгө которуу боюнча кеңири баяндалат.

Орусия Банкы мындай шектүү акча которуулар көзөмөлдүк-кассалык машиналары жок базарга жакын жайгашкан банктын кеңселер аркылуу болгон акча которууларын айткан.

Которулган акчалар базардан алыс эмес жердеги банктын кеңсесинен жөнөтүлөт, акчаны алуучулар болсо Кытайдан товар келген Кыргызстан менен Казакстандын соода кампалары болгону айтылат.

Орусиянын Борбордук банкынын маалыматы боюнча, мындай мыйзамсыз механизмди Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Омск шаарларындагы  базарлардын көпчүлүк ижарачылары салыктан качуу үчүн колдонуп келишкен.

Copyright © 2017 Maral FM