Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы Мурат Суталиновду бошотууну суранды

Кыска кабар | 8 Апр 2019 | 493 | 0

Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов камактагы УКМКнын мурунку башчысы Мурат Суталиновду бошотууну суранды. Бул тууралуу аталган институттун маалымат кызматы кабарлады.

Суталинов Акыйкатчы институтуна кайрылуу жолдоп, Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Бактыбек Сыдыгалиевдин мыйзам бузуп жатканын белгилеген. Ал Кылмыш кодексинин 71-беренесинин 1-пунктуна ылайык, оор илдетке чалдыккан соттолуучуну камактан бошотпой жатканын айткан.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин аныктамасына ылайык, Суталинов жазасын өтөп жаткан мезгилде онкологиялык ооруга чалдыккан. Буга байланыштуу паллиативдик дарыланууга муктаж экени айтылган.

Суталинов буга чейин бир топ медициналык дарылоодон өткөнү жардам бербей, рактын 4-стадиясы менен жабыркайт. Дарыгердин көрсөтмөсү аны бошотуу боюнча Жаза аткаруу кызматынын жетекчисине жөнөтүлгөн кайрылууга тиркелген. Бирок анын ишин карап жаткан судья Бактыбек Сыдыгалиев бошотуу чечимин чыгаруудан баш тарткан.

Акыйкатчы институту судьянын бул аракети БУУнун адам укуктары боюнча декларациясындагы норманы да бузарын белгилейт.

Буга байланыштуу Конституциянын 108-беренесине жана «Акыйкатчы» жөнүндө мыйзамдын 12-беренесине ылайык, акыйкатчы Бишкек шаардык сотунун төрайымы Ирина Воронцовага, Соттор кеңешине, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кайрылып, Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу бошотууну өтүндү.

Эске салсак, Мурат Суталинов апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон.

Copyright © 2017 Maral FM