Биз менен байланышыңыз

Зеленскийдин жеңиши — Кремлдин жеңилиши

Блог , Дүйнө | 4 Апр 2019 | 16100 | 3

Куудул Зеленскийдин Украинадагы президенттик шайлоонун биринчи турундагы жеңиши – 1-апрелдик тамаша эмес, ал Москванын жеңилиши. Мындай пикирин немецтик «Хандельсблаттан» Маттиас Брюггман билдирет. Кремль мындан ары орус тилдүү украиндиктерди күчтүү таасир калтырып жатышат деп далилдей албайт, а Украина болсо өзү эле антиорусиялык. Брюггман Украина качан Орусиянын таасиринен кутулат деп күткөнү күткөн.

Handelsblatt (Германия): Украинанын президенттигине куудул Зеленский келсе, Орусияга оор болот

Дүйшөмбү күндүн таңында украиндиктер ойгонору менен өлкөнүн телеберүүлөрүнөн Зеленский добуштарды саноодо биринчиликте келе жатканын көрө алышты. Анын үстүнө 1-апрель да болчу. Бирок, ал 1-апрелдик тамаша эмес. Чындыгында, актер, продюссер жана телекуудул Владимир Зеленскийдин мүмкүн боло турган жеңишинин артында олуттуу маселелер турат.

Ошондой эле сөз Европадагы аянты жагынан эң чоң мамлекетте сүйлөнгөн тил жөнүндө болуп жатат. Орусия Украинаны орус тилин дискриминациялап жатат деп айыптоодо. Киевде калктын көпчүлүк бөлүгү үйдө жана көчөдө орусча сүйлөшөт, кызматчылар жана чиновниктер гана украин тилин колдонушат. Украинаны тилдик өзгөчөлүктөрдүн негизинде бөлүү – белгилүү бир топтордун ойлоп чыгарганы имиш.

Биринчи турдагы жеңишинен кийин 21-апрелде боло турчу экинчи турга катышууга камданып жаткан Зеленский өзү «Эл кызматчысы» сериалынын акыркы серияларынын биринде тилдик бөлүнүүнү  бийлик үчүн күрөшкөн саясий топтор аркылуу бир максатка багытталган жана атайын жасалган Украинанын бөлүгү экенин сатира аркылуу көрсөткөн. Ал өзү өлкөнүн түштүк-чыгышында жайгашкан болот куюучу жана химиялык өнөр жайдын борбору болгон Кривой Рогдон чыккан.

41 жаштагы Зеленский орус тилдүү чөйрөдө чоңойгон, кийинчерээк, жаш кезинде, украин тилин үйрөнгөн, аймактык жакындыктын негизинде бул ага кыйын деле болгон эмес. Телеберүүлөрдө жана шайлануучулар менен болгон сүйлөшүүлөрдө ал оңой эле бир славян тилинен экинчисине өтүп сүйлөй алат. Акцентти ачуусу келип, катуу сүйлөгөн учурунда гана байкоого болот.

Учурдагы президент Петр Порошенко да эки тилде сүйлөйт. Бирок коом алдына чыкканда, орус тилин колдонуудан качат. Мындан тышкары, ага атынын орусча «Петр» деген вариантын колдонуп кайрылган жакпайт, анын ордуна «Петро» деген атын уккусу келет. Анткени анын шайлоочулары негизинен Европадагы аянты боюнча эң чоң мамлекетте жашашат, ал жерде совет мезгилинде эле эң көп көңүл украиндик жана улуттук өзгөчөлүккө бурулган.

Бирок тил дайыма тыштан сиңирилип келген бөлүүчү фактор катары эсептелбейт.

Буга карабастан, Украина менен Орусиянын ортосунда абдан чоң айырмачылык бар. Өлкөдө ачык жыйынтыктары менен чыныгы шайлоо өттү. Зеленский сөзсүз түрдө алдыга чыгары бир нече жума мурунку сурамжылоолордон эле белгилүү болгон. Порошенко үч жумадан кийин эле экинчи турга өткөндүгү күтүүсүз болду. Ал сурамжылоодо негизинен популисттик экс-премьер Юлия Тимошенкодон кийин үчүнчү орунда келе жаткан.

Зеленскийдин жеңиши – Москванын жеңилиши

Өткөн жумадагы сурамжылоодо Порошенконун рейтинги жогорулады, ал эми Тимошенконун көрсөткүчтөрү тескерисинче төмөндөдү. Порошенко — Кремлдин кызыккан каршылашы, президенттен кутулууну каалап, кызыктай жол менен орусиялык саясатчылардын айынан жеңишке жеткен көпчүлүк украиндиктер Путин тарабынан мындан ары буйрук алгылары келбейт.

Эгерде Зеленский утса, Орусияга оор болот, анткени, Кремль мындан ары орус тилдүү украиндиктерди басынтат деп далилдей албайт, ал эми Украина өзү эле антиорусиялык. Буга каршы, Зеленский, Игорь Коломойский аттуу украиндик олигарх менен байланышта өзүнүн «Квартал — 95» продюсердик фирмасынын оффшордук компаниясы аркылуу жадагалса Орусия менен бизнес жүргүзөт.

Өз кезегинде, Батыш ЕБ жана Украинанын ортосунда эркин соодалашуу тууралуу келишимин түзүү жолу аркылуу Эл аралык акча фондунун көптөгөн миллиарддык жардамы жана америкалык колдоо Киевдин тарабына өттү.

Бирок, буга карабастан, чын эле Европа менен АКШ ичкиевропалык жана трансатлантикалык келишпестиктерине көз жумуп, Украинаны кабыл алышты. АКШ президентинин кеңешчиси Збигнев Бжезинскийдин айтканы бар: ким коммунисттик Советтер Союзунун жаралышын каалабаса, ал Орусия менен Украинанын жакындашуусуна жол бербеши керек.

Батыштын жаңылыштыгы

Бул жаңы кансыз согуштун илебиндеги риторика эмес, а Европа үчүн эң маанилүү фактор. Саясий коопсуздук планында ЕБди куруу үчүн жетишерлик деңгээлде аракет болгон эмес. Коммунизм жана согушчул аскердик державаны кыйроого алып келүү үчүн АКШ өз убагында масштабдуу инвестициялардын жардамы менен ГДР үчүн ФРГны көрсөтмө айнек үкөккө айландырган.

Орусия мурун эле Украинаны Крымдын аннекциясынын эсеби жана Донбасска басып кирүү менен фронт алдындагы мамлекетке айланткан. Батыш да муну түшүнгөн-түшүнбөгөнү дагы деле белгисиз жана мындай тирешүүнү көтөрүш үчүн ал Украинаны жеткиликтүү түрдө инвестицияладыбы? Жооп мындай болушу керек: балким, жок.

Бул үчүн Батыш Украинага реформаларды ишке ашырууда олигархтардын кысымы менен күрөшүү жана юстиция реформасы үчүн экономикалык каражаттар менен көп жардам бериши керек. Чыгыш Европа эли Украинада же Балканда болобу – Орусиянын таасирдүү чөйрөсүнө караганда, демократияда жашаганы жакшы экенин сезиши зарыл.

ЕБдин алдыңкы саясатчылары муну түшүнөрү жана ылайыктуу каражаттарды мобилизациялашы анча ишеничтүү эмес. Бирок украиндиктер айткандай, орустар жана поляктар – ар бири өз тилинде – үмүт акыркы өлөт.

 

Которгон: Махабат Соконова

3 пикир

3 пикир

  1. Самара

    04.04.2019 19:11

    Азаматсыздар,Марал радиосу! Тушунуктуу жакшы жазылыптыр👍👍👍

  2. Калиман

    05.04.2019 15:58

    АЗАМАТ👌жакшы статья чыгыптыр!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM