Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-кытай күч түзүмдөрү тыгыз кызматташат

Кыска кабар | 4 Апр 2019 | 607 | 0

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень айым менен жолугушту.

ИИМдин маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушууда эки тараптуу кызыкчылыктарды, кыргыз-кытай мамилелерин бекемдөөгө багытталган талкуу жүрдү.

Министр менен элчи укук коргоо түзүмдөрүнүн эки тараптуу кызматташтыгынын жаңы деңгээлин баалоо менен аны өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилешти.

Кашкар Жунушалиев өлкөлөр аралык көп жылдык жакын мамиле Кыргызстан менен Кытайдын укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматтык байланышты бекемдөөгө жана өнүктүүргө кызмат кыларына ишенимин билдирди.

Жолугушуу жылуу, достук маанайда өтүп, министр Жунушалиев элчи Ду Дэвень айымды жооптуу кызматка дайындалгандыгы, дипломатиялык миссиясын аткарууда ийгиликтерди каалап кетти.

Copyright © 2017 Maral FM