Биз менен байланышыңыз

Президент санариптештирүү иштеринин начар жүрүп жатканын сындады

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-апрелде Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Дастан Догоевди, Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевди жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Электрондук өз ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаеваны кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өлкөнү өнүктүрүүүнүн санариптик негиздерин илгерилетүү негизги, артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи.

Санариптештирүү өлкө турмушунун бардык чөйрөлөрүн, анын ичинде жарандардын жашоосун жеңилдетүү үчүн мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү, маалымкат алуу жана мамлекеттик органдардын ортосундагы документ жүгүртүү процесстерине чейинки жашоо-турмуштун бардык чөйрөсүн камтыйт. Бул үчүн мамлекеттик органдар процесстердин баарын кайра карап чыгып, ашыкча бюрократиялык жол-жоболорду жоюп, регламенттерди жөнөкөйлөштүрүүсү керек”, — деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы өлкөнү санариптештирүүдөгү милдеттерди ишке ашыруунун жүрүшүнө нааразычылык билдирип, кыска мөөнөттө активдүү өнүгүүгө жана өлкө турмушуна санариптештирүүнүн кирүүсүнө тоскоол болуп жаткан кемчиликтерди жоюуну тапшырды.

Кошумчалай кетсек, учурда 47 мамлекеттик орган «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү системасына кошулган, 16 мамлекеттик органдын ортосунда маалымат алмашуу камсыз кылынды.

 

Copyright © 2017 Maral FM