Биз менен байланышыңыз

Облус жана райондогу соттордун маянасы 25-35 миң сом

Кыска кабар | 2 Апр 2019 | 559 | 0

Кыргызстанда райондук жана облустук сот кызматкерлеринин айлык маянасы 25-35 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушууда айтты. Анын белгилешинче, Жогорку Соттун судьялары айына 45-50 миң сомдон алышат.

Анда ал аймактагы соттор маяналарын көтөрүүнү сунуштаганын айтты.

— Алар алган айлыгы статусуна жооп бербестигин, маянасы акыркы жолу 2013-жылы жогорулаганын айтышты. Сот системасына бөлүнгөн каражат көбөйүп жатат, соттор да ишенимди актап, татыктуу иштеши керек, — деди төрайым.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда мугалимдердин орточо айлык акысы 11 379 сомду түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM