Биз менен байланышыңыз

Жогорку соттун мурдагы төрагасы Качкынбай Бообеков көз жумду

Кыска кабар | 26 Июл 2020 | 929 | 0

Жогорку сотунун мурдагы төрагасы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи Качкынбай Бообеков дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Жогорку соттон кабарлашты. Маалыматка ылайык, ал 83 жашта болгон.

Качкынбай Бообеков 1937-жылдын 1-январында Чүй облусунун Кемин районундагы Боролдой айылында туулган.

1989-жылга чейин Кемин райондук сотунда катчы, Ош облустук сотунда судья, Балыкчы шаардык сотунда судья, төрага, Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары, Ысык-Көл облустук  сотунун төрагасынын орун басары болуп эмгектенген. Жогорку соттун мүчөсү болгон.

1991-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагалыгына шайланып, 1995-жылга чейин жетектеген.

Эгемендүү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алгачкы төрагасы болуп Бообеков Качкынбай  Жетибаевич эсептелет.

Качкынбай Бообеков төрагалык кылып турган мезгилде, сот бийлигинин көз карандысыздыгын жана соттордун ролун күчөтүү боюнча маанилүү кадамдар жасалган.

Ал 1996-2022-жылдарга чейин Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун төрагасы болуп иштеген. 2002-2007-жылдарга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болгон.

-Кесипкөйлүгү жана жасаган эмгектери ар кандай мамлекеттик сыйлыктарга татыган. Ал өлкөбүздүн  сот системасынын өнүгүшүнө эбегейсиз зор салымын кошту. Юридикалык жамаат чоң жоготууга дуушар болду. Жакындары жана туугандарынын  орду толгус оор жоготуу аза кайгысын тең бөлүшөбүз,-деп айтылат некрологдо.

Жээнбеков С.Ш., Джумабеков Д.А., Боронов К.А., Калиева Г.У., Дуйшеев К.А., Бокоев К.А., Асанова Н.М., Токбаева А.А., Мамыров Э.Т., Атаназаров Н.А., Барыктабасова Э.Б., Бакирова Н.Ж., Жороев К.

Copyright © 2017 Maral FM