Биз менен байланышыңыз

Беларусиянын Жогорку Соту митингде камалган 500 кишинин тизмесин жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Авг 2020 | 734 | 0

Беларусиянын Жогорку Соту өлкөдөгү 9-августтан тарта башталган нааразычылык акциялары учурунда кармалган жана административдик жазага тартылган 500дөн ашуун кишинин тизмесин жарыялады. Сот тарабынан айрымдарына 4 суткалык административдик камакка алуу жазасы берилсе, кээ бирлерине 25 күн, ал эми тизмеде эң көп — 15 күндүк камакка алуу  болгон.

Бул — Беларусия бийлиги тарабынан нааразычылык акциясында кармалгандар жөнүндө тастыкталган биринчи маалымат, бирок тизмеге Минск сотторунда каралып жаткан иштер гана кирет.

Буга чейин Ички иштер министрлиги акыркы күнгө карата 7 миңден ашык адам кармалгандыгын, алардын жарымынан көбү борбор калаадан экенин маалымдаган. Кармалгандардын туугандары дагы эле алардын кайда кармалып жаткандыгы жөнүндө маалымат ала алышкан эмес.

Кармалгандардын тизмесинде 2000, 2001-жылы туулган жарандар басымдуулук кылат. Алардын катарында жакында эле  18 жашка толгондор да бар. Ошондой эле тизмеде ондогон аялдар да бар. Укук коргоочулар жана кармалгандардын туугандары буга чейин тартип сакчылары жана башка коопсуздук күчтөрү көптөгөн жаштарды кармашкандыгын белгилешкен.

Кечээ кечинде акыркы суткада кармалган 100дөн ашык адамды күтүүсүздөн атайын кармоочу изолятордон бошотушкан.

Минск шаарында жана Беларусиянын башка шаарларында нааразычылык акциялары бешинчи күнү уланууда. Эл президенттик шайлоонун жыйынтыгын кайра саноону талап кылып, бийликти бурмалоого айыпташууда. Көптөгөн нааразычылык акцияларын тартип сакчылары мыкаачылык менен таратып, суу замбиректерин, резина окторду, гранаталарды жана көздөн жаш агызуучу газды колдонушту. Расмий маалыматтар боюнча, 250дөн ашык адам ар кандай жаракат алып ооруканаларга кайрылышкан. Митингге чыккандардын көпчүлүгү камакка алынган, алардын ичинде жашы жете электер да бар.

Copyright © 2017 Maral FM