Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги С. Чокморов атындагы №92 кесиптик лицейи жоюлду

Коом | 1 Апр 2019 | 1625 | 0

Бишкек шаарында жайгашкан республика боюнча жападан жалгыз элдик кол өнөрчүлүк кесипти окуткан С. Чокморов атындагы №92 лицейин №10 кесиптик лицейине бириктирүү тууралуу чечим чыкты. Бирок бул чечимге аталган окуу жайдын мурунку директору жана бир катар кызматкерлери каршылык жыйынын өткөрүштү.

Бүгүн 1-апрелде эки лицейди бириктирүү жана бул окуядагы жемкорлук иштер боюнча маалымат жыйыны болду. Анда № 10 ашпозчулук, чач жасалгоолоо жана кондитердик багытта окуткан кесиптик окуу жайга элдик кол өнөрчүлүктү үйрөткөн №92 лицейди кошуп жатканы талкууланды. Эки лицейди бириктирүү чечими ушул жылдын 6-февралында чыккан. Бирок, ал жакта иштегендерге 11-мартта гана кабарланган жана эки жума аралыгында көчүп кетүү талап кылынган. №92 кесиптик лицейдин мурдагы директору Динара Ашированын айтымында, Таалайбек Чолпонкулов окуу жайды рейдерлик жол менен көчүртүп жатат.

— Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору Таалайбек Чолпонкуловдун 2018 жылдын 1-июнундагы буйругу менен кесипкөй мугалимдер ишсиз калган. Аны менен токтоп калбай, 2019-жылдын 6-февралында «Бишкек шаарындагы №92 кесиптик лицейи кайрадан уюштурулуп, №10 кесиптик лицейине бириктирилсин» деген буйругун чыгарды. 6-февралда чыгарылган буйрук, биздин жамаатка 11-мартта гана тааныштырылыптыр. Ал эми 15-марттан 29-мартка чейин рейдерлик жол менен  болгон буюм-тайымдарды көчүртүп, № 10 кесиптик лицейдин карамагына өткөрүп кеткен.

Эске салсак, өлкөдө акыркы жылдары 22 окуу жай бириктирилген. Ага имараттардын тардыгы жана окуучулардын аздыгы себеп болгон. Кыскартылган окуу жайлардын көпчүлүгү ири окуу жайлар менен бириктирилген. Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору Таалайбек Чолпонкуловдун айтымында, № 92 кесиптик лицейин №10 лицейге кошууга аргасыз болушкан. Анткени, № 92 кесиптик лицейинде болгону 200 гана окуучу окуйт жана алардын сабакка катышуусу да талапка жооп бербейт.

-Акыркы жылдарда жалпы республика боюнча аз окуучу окуган окуу жайларды жабуу, аларды жанындагы окуу жайларга которуу иштери боюнча Билим берүү жана илим министрлигинен чечим чыккан. Ошол чечимдин негизинде №92 кесиптик лицейин № 10 кесиптик лицейине кошконбуз. Шарттары, кала берсе расмий аталышы да эч өзгөрүүсүз бойдон калат. Болгону администрациясы гана алмашат. Бул жерде №92 лицейдин мурдагы директору Динара Аширова өзүн коргоп калуу максатында чуу чыгарып жатат. Ал жетекчи лицейдин жамаатынан, окуучуларынан арыз-даттануулар көп түшкөнүнө байланыштуу, менден беш жолу сөгүш алып, акыры жумуштан кеткен. 

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, атактуу актер, чебер сүрөтчү Сүймөнкүл Чокморовдун наамын алып жүргөн лицейдин көп жылдан берки мугалими Жылкычы Шаршенбиевдин пикиринде, кол өнөрчүлөрдү  болочок ашпозчу, чачтарачтарга кошуп койгону туура эмес.

Мындай кадамга кандай адам баралат? Албетте, артында кандайдыр бир таасирдүү адамдар турары белгилүү да. Элестетсеңер, 40 жылдык тарыхы бар лицейди ашпозчу, чачтарачтарга кошуп жатканын. Лицейди ушул калыбында сактап калышыбыз керек эле. Тилекке каршы, андай кадамдар жасалбай жатат.

Билим берүү боюнча эксперт Догдургүл Кендирбаеванын баалоосунда, окуу жайга канча жыл толбосун, эгерде өзүнүн актуалдуулугун жоготуп, замандын талабына ылайык келбеген иш алып барып жатса, бириктирилгени туура болот. Дүйнө өнүккөн сайын, билим дагы жогорулашы керек. Анын айтымында, окуу жайлардын жоюлуп жатканы жакшы, бирок кыскартылгандагы каражаттар каякка кетет деген суроо жаралат.

-Мейли, 40-50 жыл тарыхы бар окуу жай болсун. Эгерде талаптарга жооп бербесе, заманбап багытта иштер жүрбөсө, кыскарганы туура эле. Бирок бул жерде бир суроо пайда болот. Кыскартылгандан кийинки акчалар кайда кетет? Ириде ушул маселени тактап алуу керек. Окуу жайларды кыскартуу мурунтан эле бар да. Эгерде ал жерде окуй тургандардын саны аз болсо, же имарат тар болсо, башка жакка которуу зарылчылыгы келип чыгат.

Белгилей кетсек, С.Чокморов атындагы №92 кесиптик лицей 1979-жылы ачылган. Алгач 4 жылдык болуп, кийинчерээк 2.5 жылдык окутуу системасына өткөн. Мунун натыйжасында, адистикке даярдоочу бөлүмдөрдүн көпчүлүгү кыскартылууга дуушар болгон. Учурда, аталган окуу жайда өлкөнүн бардык аймактарынан келген 200дөн ашык улан-кыз билим алат. Лицей Кыргызстандагы элдик кол өнөрчүлүктү үйрөткөн бирден-бир окуу жай болуп эсептелет. Окуу жайдын ачылганына быйыл 40 жыл толмок.

Copyright © 2017 Maral FM