Биз менен байланышыңыз

Министрликти сынга кабылткан ката

Билим-маданият | 28 Мар 2019 | 963 | 0

Бишкектеги орус-кыргыз жогорку окуу жайларын ректорлорунун форумундагы баннердеги ката жазылган жазуу социалдык түйүндөрдө кызуу талкууланууда. Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева баннердеги ката боюнча басмакананы күнөөлөөдө. Бирок айрым серепчилер жоопкерчиликти министр өзү алышы керектигин айтат. Ошол эле учурда баннердеги жаңылыштык одоно ката эмес, мындан улам Билим берүү министрлигинин жалпы системасына терс баа берүүнүн кажети жок деген пикирлер да айтылууда.


Ректорлор аралык форумда, «форум» сөзү баш тамга менен, Кыргызстан менен Орусия деген жазуудагы «и» байламтасы бириктирилип жазылган. Мындан сырткары, «образования-инвестиции» деген сөздөрдүн ортосуна боштуктан кийин сызыкча эмес, дефис белгиси коюлган. Президент, эки өлкөнүн Билим берүү министрлери жана 70тен ашуун университеттин ректорлору катышкан масштабдуу иш-чарадагы мындай ката боюнча коомчулукта түрдүү пикирлер айтылууда.

Ал эми Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева катанын жол берилишине басмакананы күнөөлөдү. Ал иш-чара бүткөндөн кийин буга жол бергендер териштирилерин билдирди. “Кандай ката кетиптир? Мен көргөн жокмун. Бул — жөн гана басмаканын кемчилиги”, — деди министр.

— Мындан ким эмнени көргүсү келсе, ошону көрдү. Андан көрө форумдун өзүн карабайсыздарбы, билим берүү системасы үчүн маанилүү иш-чара болду. Бир топ маанилүү долбоорлор, ар кандай программалар талкууланды. Ушунун ичинен болбогон эки тамга боюнча маселе көтөрүү туура эмес.

Физика, математика илимдеринин доктору, профессор Каныбек Осмоналиев министрдин мындай жообун жоопкерчиликтен качуу катары баалады. Анын айтымында, Кыргызстан баннердеги ката менен дүйнөлүк деңгээлдеги академик, профессорлордун алдында кечирилгис деңгээлде уятка калды. Каталарга Гүлмира Кудайбердиева керт башы менен жооп бериши керек.

— Биз ансыз деле төрага баш болуп ката жазышканынан ыңгайсыз болуп калдык. Министрлик каталарды кайталанбоосунун алдын алуунун ордуна шылтоо издешип, өлкө башчынын өзүн ыңгайсыз абалга калтырып жатат. Кыргыз тарап үчүн кечирилгис уят болду. Себеби, форумга келгендер дүйнө жүзүн кыдырып жүргөн кишилер. Мен учурда уялганымдан жанымды коёрго жер таппай жатам. Билим берүү министрлигинин иш-чарасында ушундай ката кетип жатса, башка министрликтерде кандай? Катаны дароо оңдоп койсо болмок. Буга Гүлмира Кудайбердиева жооп бериши керек. Басмакананын кызматкерин жазалоо менен тартип орното албайбыз. Эгерде мындай катачылык башка өлкөдө орун алганда, көп кишинин “башы кетмек”. Бул жоопкерчиликти сезбегендик, көпкөндүк жана президентке эркелегендик. 

Каныбек Осмоналиев мындан тышкары, Билим берүү министрлиги буга чейин окуу китептери боюнча дагы ката кетиргенин эске салып, мекеме системалык сабатсыздыкка кетип баратканын белгиледи.

Билим берүү министринин мурунку орун басары, “Роза Отунбаеванын демилгелери” фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева бирин-экин ката үчүн министрликтин жалпы системасына терс баа берүүнүн жана окуяны саясатташтыруунун кажети жок экенин айтты.

— Кээ бирөөлөр аша чаап жатат. Балким, Кудайбердиеваны катуу сындаган адамдар министр болуп турганда да, мындай каталар кетмек. Ушул үчүн эле министрди кетириш керек деген туура эмес. Албетте, Кудайбердиеваны туура түшүнсөк болот. Анткени, анын техникалык майда-чүйдө иштерди кароого убактысы жок. Ал жердеги адистер баарын кылдат карашы керек болчу. Биз кааласак да, каалабасак да, эл каталарды көргөн соң, өздөрүнүн пикирлерин айта берет. Бул демократиялык ачык коомдун белгилүү көрүнүштөрүнүн бири.

Ал эми билим берүү маселелери боюнча адис Алмаз Тажыбай баннердеги жаңылыштыкты одоно ката катары эсептебейт. Анын баамында, ал жаңылыштык тескерисинче жалпы мекемелерге пайдалуу болду. Мындан ары бардык жазууларга кылдат көңүл бурулат. Эгерде Гүлмира Кудайбердиева ушул маселе боюнча да моралдык жоопкерчилик тарта турган болсо, анда өкмөттө эч ким иштебей калат. Анткени, мындай майда мүчүлүштүктөр көп кетирилүүдө.

— Эгерде сүйлөм туура эмес жазылса, бир жөн эле. Бул жерде болгону «и» тамгасы биригип калган. Мисалы, «Орус» эмес «Орис» деп жазып койсо бир жөн. Бул жерде бир гана президент же министр күнөөлүү эмес. Тилекке каршы, каталар ар бир жерде бар. Мындай кемчиликтерди улам көтөрүп, кыргыздар өзүбүзгө-өзүбүз балта чаап жатабыз. Бир аз намыс болушу керек да. 

Кошумчалай кетсек, буга чейин да Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун атынан жазылган катта каталар көп экендиги социалдык тармакта талкууга алынган. Жыйынтыгында, катты жазган кызматкер жумуштан алынган.

Copyright © 2017 Maral FM