Биз менен байланышыңыз

Мектептерде «Электрондук кезек» кандай иштеп жатат?

Билим-маданият | 27 мая 2019 | 814 | 0

Балдарды биринчи класска киргизүүдө коррупциялык иштер көп катталгандыктан, жаңы система ишке кирген. Ал электрондук кезек аркылуу каттоо долбоору, ушул жылдын 16-февралында пилоттук режимде иштей баштаган. Учурда аталган системанын биринчи баскычы жыйынтыкталып, экинчиси башталган. Бирок социалдык тармактарда иштеп жаткан жаңы долбоорго болгон нааразычылыктар айтылып жатат. Деги эле бул система кандай иш алып барыш керек? Учурда канча окуучу каттоого алынды?

Жыл сайын окуу жылы аяктап баратканда, балдарды биринчи класска каттатуу аракети бир топ эле көйгөй жаратып келет. “Акча бербесем, мектепке баламды албай жатат”-деген сөздөрдү көп эле кездештирсеңиз керек. Мындан улам Билим берүү жана илим министрлиги 2019-2020-окуу жылы үчүн жаңы долбоорду киргизген. Ата-энелер балдарын Бишкек шаарындагы мектептерге биринчи класска киргизүү үчүн электрондук кезекке турушат. Системанын негизги максаты, өлкөдөгу билим берүү тармагындагы ар кандай коррупциялык иштерди жоюу.

Бирок Бишкек шаарынын тургуну Турсунбаева Жыпара, долбоор жаңы башталганда эле электорндук кезекке туруп койгонун айтат. Бирок экинчи баскычта, кайра артка жылып калганына таң калып, байырлап калган коррупциянын тамырын үзүү оңойго турбашын айтат.

-Мен кичүү кызымды февралда эле электрондук каттамдан өткөргөм. Бирок экинчи турга барсам, артка жылып калыптырмын. Эмнеге мындай болушу мүмкүн? Сүйүнүп жатсам, коррупция иштери бүткөн экен деп. Жок андай кадамдарды көрө алган жокмун. Август айына чейин кезекти күтүп көрөм, эгер болбосо улуу кызымды бергендей эле киргизем. Акча берем да айла жок. Окубай калмак беле.

Анткен менен Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Айнура Кусеинованын пикиринде, электрондук тизмени эч ким жылдыра албайт. Ата-энелер аталаган система аркылуу каттоодон өтүп, баладарын бере турчу мектептерде бош орун болсо эле, биринчи класска алат дейт- Кусеинова.

-Электрондук кезекти эч ким жылдыра алганга мүмкүнчүлүгү жок. Катталышат жана арыздарын калтырат. Эгерде ошол мектепте орун болсо, ал мектептин директору сөзсүз окуучуну алганга милдеттүү. Бизге көп кайрылуулар болуп жатат. Ата-энелер бизге кайрылууларын жөнөтүп жатышат, алар каалаган мектепте орундар калбай калганын кабарлап жатышат. Мындан улам министрлик кошумча орундарды камсыз кылуу иштерин карап жатат.

Кыргызстан үчүн жаңыдан кирип жаткан долбоорду колдоп, андан ары өнүктүрүп кетиш керек. Мындай оюн билим берүү боюнча эксперт Догдургүл Кендирбаева билдирди. Электрондук кезекке туруу боюнча айтылып жаткан нааразычылыктарды иликтеп, атайын топтор иш алып барышы зарыл деп, буларган токтолду.

-Бул жаңы долбоордун келечеги жакшы. Эгер жакшы иштесе. Бир-эки адамдын оюн угуп жаап салуу туура эмес. Билим берүү тармагындагы коррупциялык иштерди түп орду менен жое албаса дагы, кандайдыр бир иштерге бөгөт коет.

Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияздын пикиринде, Кыргызстанда коррупцияны жоюу максатында көп эле долбооролор ишке кирет. Бирок долбоорлор ачык-айкын түрдө иш алып барып жатабы? Бул башка суроо дейт депутат. Эгерде биринчи класска балдарды электрондук каттоо аркылуу киргизүү иши таза жана эффективдүү болсо, элге бир топ эле жеңилдик болорун кошумчалады.

-Эгерде бул долбоор ачык-айкын иштесе жыйынтыгы жакшы болот. Булардын артынан атайын текшерүү топ түзүлүп, көзөмөлгө алышы керек. Электрондук кезекке туруудагы жакшы жери, ар ким өзү билет канчанчы орунда экенин. Бул система таза иш алып барса, келечек үчүн жакшы.

Бишкек шаарынын мэриясынын берген маалыматына таянсак, Бишкек шаарынан быйыл 18миң окуучу биринчи класска барат. Электрондук кезекке туруу долбоорунун алкагында, 13миң 87 окуучунун арызы кабыл алынган. Анын 73%ы же тактап айтканда, 8700 окуучу жаңы система менен мектепке алынды.

Кошумчалай кетсек, учурда электрондук кезекке туруу долбоорунун экинчи баскычы жүрүп жатат. mektep.edu.gov.kg сайтына кирип арыз таштап койсоңуз болот. Долбоордун экинчи баскычы ушул жылдын 16-августунда токтотулат.

Copyright © 2017 Maral FM