Биз менен байланышыңыз

Садык Шер-Нияз Франциянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Кыска кабар | 2 Июл 2021 | 734 | 0

Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус менен жолугушту. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

Жолугушууда маданият тармагын өстүрүүдөгү пландар талкууланган.

«Акырындап элчилик ишке аралашып жатабыз. Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус менен жолугуштук. Эл аралык мамиле, маданият тармагын өстүрүүдөгү көптөгөн пландарды талкууладык. Кыялы ачык, юмордуу, жаркылдаган киши экен. Гузел Ишенова карындашыбыз которуп берип, кээ бир учурда орусча тил билет экен жакшы баарлаштык«, — деп жазган Садык Шер-Нияз.

Эске салсак, 24-июнда Садык Шер-Нияз Кыргызстандын Франциядагы элчиси болуп дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM