Биз менен байланышыңыз

Садык Шер-Нияз Кыргызстандын Франциядагы элчиси болду

Кыска кабар | 24 Июн 2021 | 1405 | 0

Садык Шер-Нияз Кыргызстандын Франциядагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун Президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, Садык Шер-Нияз элчилик кызматы менен бирге БУУнун Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча уюмунда (ЮНЕСКО) Кыргызстандын туруктуу өкүлү милдетин да аркалайт.

Саясатчы Садык Шер-Нияз 10-январда өткөн президенттик шайлоого катышып, кийин президент Садыр Жапаров менен сүйлөшкөндөн кийин талапкерлигин алган.

Садык Шер-Нияз: Жапаров менен сүйлөшкөндөн кийин талапкерлигимди алууну чечтим (видео)

Copyright © 2017 Maral FM