Биз менен байланышыңыз

Садык Шер-Нияз депутаттарды чукул жыйынга чогулууга чакырды

Кыска кабар | 5 Окт 2020 | 703 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз алтынчы чакырылыштын депутаттарын кезексиз жыйынга чукул чогулууга чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Урматтуу ЖК депутаттары! Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын али чыгара элек, демек VI чакырылыш күчүндө! Жогорку Кеңеш  сөзсүз түрдө кезексиз жыйынга чукул чогулушу керек!» — деп жазды эл өкүлү.

Учурда Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында шайлоонун жыйынтыгына нааразычылыгын билдирип митингге чыккандарды күч түзүмдөрү көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдонуп таратууда.

Ошондой эле митингде «Ата Мекен» саясий партиясынын лидери Жанарбек Акаевдин бутуна ок тийгени айтылууда

Copyright © 2017 Maral FM