Биз менен байланышыңыз

Кендирбаева: Мектеп директору болуу модага айланышы мүмкүн

Күн чабыт | 13 мая 2019 | 104 | 0

Мектеп директорлорун кандай негизде дайындоо керек? Учурда кандай шартта тандалып жатат? Бул теманын айланасында билим берүү боюнча серепчи Догдургүл Кендирбаева менен маек курдук.

— Бүгүнкү күндө мектеп директорлорун кандай негизде тандашат?

— Мектеп жетекчилерин тандоонун башкы критерийлери так аныкталып, мектеп директорлору деген жобо мыйзамга киргизилген. Аталган мыйзамга замандын талабына ылайык өзгөртүүлөрдү жасоого болот. Тактап айтканда, бүгүнкү күндө бир гана директор болуу жетишсиз. Менеджер, стратег, лидер, коммуникатор болушу керек. Муну менен бирге учурдун санариптик адистигин, мектептин келечегин так билиши шарт. Азыркы директорлор заманбап билим алгысы келбейт. Тескерисинче, мурдагы багыт менен башкаргылары келет. Мына ушуну системанын кагылышуусу десек болот. Жогоруда айтылган себептерди эске алып, жобону кайрадан иштеп чыгыш керек.

— Мектеп директорлорун тандоо жана дайындоо кандай чечилиш зарыл?

— Эмоционалдуу чечим кабыл алынбашы зарыл. Дасыккан кесипкөй адисти тандоо кажет. «Директорлорду кандай негизге таянып тандап жатышат», — деп, Билим берүү министрлигинин ишмердүүлүгүн анализ кылуу керек. Дегеним, Кыргызстанда бул багытта ар кандай өксүктөр болууда. Маселен, тигил же бул партиянын талабы менен, же бийликте иштеген адамдын буйругу менен дайындалып келген учурлар бар. Негизи системага сырттан кийлигишүү болбойт. Анткени, бул багыттын өзүнө тиешелүү эрежелери жана талаптары болот. Сөзсүз түрдө жамааттагы кадыр-баркын эске алуу керек. Себеби, башкарууда лидерлик сапат да чоң роль ойнойт.

— Айрым адистер: «Соңку учурларда  билим берүү багыты солгундап кетти», — дешүүдө. Мындай пикир коомчулукта да айтылып келет. Пикирдин директорлорго канчалык тиешеси бар?

— Бул жерде билим берүү системасындагы субьектилердин билим берүү тармагына өтө көп таасир эткен факторлору бар. Мектеп жетекчисин тандоо балдар укугу конвенциясында белгиленген, тактап айтканда, балдардын кызыкчылыгы үчүн чечилиши керек. Башка адамдардын каалоосу үчүн эмес, мектеп окуучуларына келечекте кандай таасир бере алат? Билим берүү системасынын деңгээли жогорулайбы? Мына ушул багыт көздөлүшү зарыл. Аны менен катар, мектеп директорлорунун да укугу корголуш абзел. Алсак, билим деңгээлин өркүндөтүү үчүн ар кандай багыттагы иштер жаслыап, шарт түзүлүшү керек. Тилекке каршы, учурда директорлорго чарба адиси сыяктуу мамиле кылынууда. Тактап айтканда, сынган терезе үчүн, оңдолбогон имарат үчүн жооп беришет. А ошол эле учурда, балдардын жана мугалимдердин билим сапатын арттыруу, алардын ийгиликтерин көзөмөлгө алуу экинчи планда калып кетип жатат.

— Мындан 10 жыл мурун директорлорду дайындоо системасы кандай эле? Салыштырууга мүмкүнбү?

— Асман менен жердей эле болуп калды. Ал учурда системалуу кадр тандоо бар болчу. Директорлор депутаттын таанышы, таякеси, жээни же дагы ушул сыяктуу күнкорлук менен дайындалчу эмес. Мисалы, облустук элге билим берүү бөлүмү (облОНО) жоюлганга чейин, 196 мектептин кадрлары кокус мектеп директорунун орду бошосо, дароо дайындай салууга даяр болчу. Кандай кырдаал болбосун, бүгүнкүдөй талаш-тартышка жеткирчү эмеспиз. Тилекке каршы, учурда мындай багытта иштер да жок, кадр да жокко эсе.

— Демек, бүгүнкү күндө мектеп директору болуп дайындалуу модага айланып кеттиби?

— Эгерде жоопкерчиликти сезсе, ал нерсе модага айланбайт. Тескерисинче, мойнуна өтө чоң жүк артылганын түшүнүп, жакшы натыйжа берүүгө умтулат. Эгер, жеңил ойдогу директор болсо, эч кандай өсүшкө умтулбаса, анда модага айланып калышы толук мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM