Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков апрелдин аягында Кытайга барат

Кыска кабар | 1 Апр 2019 | 680 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков апрелдин аягында «Бир алкак – бир жол» аталышындагы эл аралык форумга катышуу үчүн Кытайга барат. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков маалымат жыйынында билдирди.

Мамлекет башчы Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен 26-27-апрель күндөрү Пекинге барат.

«Жумушчу сапардын алкагында эки тараптуу документтерге кол коюу каралган жок. Бирок учурда кытайлык кесиптештерибиз менен бирге Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин ШКУ саммитинин алдында күтүлүп жаткан мамлекеттик сапарына активдүү түрдө даярдык көрүп жатабыз«, — деп билдирди Сыдыков.

Ошондой эле, учурда саясий алакаларды бекемдөө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты, илимий-техникалык планда жана ШКУнун алкагында тыгыз кызматташуу сыяктуу эл аралык уюмдар менен байланышты бекемдөө тууралуу эки тараптуу документтерге кол коюу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын Данияр Сыдыков кошумчалады.

Белгилей кетсек, Шанхай кызматташтык уюмунун саммити Бишкекте июнь айында өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM