Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош унаа жолу ачылды

Кыска кабар | 31 Мар 2019 | 634 | 0

Бүгүн, 31- мартта саат 06:00дөн тартып, Токтогул районунун «Арал», Жайыл районунун «Сосновка» жана Талас районунун «Талды-Булак» постторунда унаалар 500 метр аралык менен өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, аба ырайынын кескин бузулганына байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолу 29-мартта кечки саат 22:00дө жабылып, кечээ, 30-мартта, саат 10дон баштап, жеңил автоунаалар үчүн ачылып, кайрадан кар көчкү түшүү коркунучунан улам саат 18:00дө жабылган.

 

Copyright © 2017 Maral FM